Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Синзо Абэнин саламаттыгына байланыштуу түрдүү маалыматтар тарады


Синзо Абэ.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ бир аптада эки жолу ооруканага кайрылды. Ал бир жума мурун Токиодо медициналык текшерүүдөн өткөн бейтапканалардын бирине 24-августта кайрадан барганын «Киодо» агенттиги жазды.

Жапон өкмөт башчысынын администрациясы Абэ бир жума мурун башталган медициналык текшерүүнү улантып жатканын кабарлады. Мурдараак өкмөт башчы өзү саламаттыгы жайында экенине ишенүү максатында дарыгерлерге кайрылганын билдирген.

Июлдун башында «Flash» басылмасы премьер-министр 6-июлда иш бөлмөсүндө өзүн жаман сезип, абалы начарлаганын, кан аралаш кусканын жазган. Андан соң Абэ күнүмдүк иш графигин бир аз кыскартканы маалымдалган. Министрлер кабинетинин баш катчысы Ёсихидэ Суга өкмөт башчынын саламаттыгына байланыштуу кабарларга ушак аралашканын билдирген.

XS
SM
MD
LG