Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

Коронавирустан бир адам каза болуп, 103 жаңы учур катталды


Бишкек. Иллюстрация.
Бишкек. Иллюстрация.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, 24-августта Бишкекте коронавирус илдети аныкталган бир адам көз жумду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жетти.

Акыркы суткада ооруну жеңген 218 адам ооруканадан чыкты. Жалпы пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 615 адам айыкты.

24-августта коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 103 адам жаңы катталды. Алардын ичинен:

Бишкекте - 27;

Ошто – 1;

Чүй облусунда – 8;

Ош облусунда - 8;

Нарын облусунда – 3;

Ысык-Көл облусунда – 8;

Жалал-Абад облусунда – 29;

Баткен облусунда - 19 учур катталды.

Ушуну менен 24-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 126 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG