Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 17:28

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгү башталды


Бишкек шаары. «Shenzhen Sunwin» компаниясынын адистери. 21-август, 2020-жыл.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке киргизиш үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, 21-августта Бишкек шаарынын Алыкулов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине стационардык аппарат комплексин сыноо режиминде орнотуу башталган. Учурда «Shenzhen Sunwin» компаниясы курулушка бардык тийиштүү уруксат кагаздарын алды. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгү жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи бөлүгүн ишке ашыруучу кытайлык компания иштер айтылган мөөнөттөн кеч башталганын пандемия менен түшүндүрдү.

2020-жылдын январь айындагы өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын март айынын тартып жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сом болгон.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG