Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Тихановская Мамдепартаменттин өкүлү менен жолугат


Беларустагы шайлоодо оппозициянын атынан чыккан талапкер Светлана Тихановская. Вилнюс, 21-август, 2020-жыл.
Беларустагы шайлоодо оппозициянын атынан чыккан талапкер Светлана Тихановская. Вилнюс, 21-август, 2020-жыл.

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская 24-августта АКШ мамкатчысынын орун басары Стивен Биегун менен Литвада жолугары күтүлүүдө. Алар Беларустагы шайлоодон кийин жаралган кризистин тынч жол менен чечилишин талкуулашат.

Биегун Литванын коргоо жана тышкы иштер министрлери менен да жолугат. Ал аптанын аягына чейин Орусияга жана Украинага да барары белгиленген.

23-августта Беларуста оппозициянын эң ири акциясы өттү. Минскидеги Эгемендик аянтына ар кандай эсептер менен жүз миңден көп адам чогулганы кабарланды.

Митинг тынч аяктады, кармалгандар тууралуу маалымат чыккан жок. Кырдаалга күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү көз салып турушту.

Кечке жуук президент Александр Лукашенко Минскидеги резиденциясына уулу Николай менен келди. Ал тик учактан колуна курал кармап түшкөн видеону «Телеграм» каналдар жарыялашты.

Беларустагы акциялар 9-августтан бери токтой элек.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG