Кыргызгидромет 26-27-августта өлкө боюнча аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн эскертет. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
25-августта Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11...16, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 25…30;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 27…32;
Бишкек шаарында түнкүсүн 19…21, күндүз 29…31 градус болот.