Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 14:41

Суюналиева: «Илимде эркектер гана ийгиликке жетет» деген ой калыптанбашы керек


Кыз-келиндердин илим менен технологиядагы ролу боюнча Бишкекте өткөн эл аралык жыйын. 4-июн, 2019-жыл.

24-августта Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин «Кыздар илимде» долбоорунун алкагында биология, география, математика, физика жана химия мугалимдерине тренинг өткөрдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

ЮНИСЕФтин өкүлдөрү жана Борбор Азиядагы Америка университетинин окутуучулары сабакты интерактивдүү өтүү ыкмаларын көрсөтүп, STEM предметтерин окутуу учурунда балдар арасында гендердик стереотиптердин пайда болушунан сактануунун, окуучулардын окууга жана илимге болгон кызыгуусун колдоонун жолдорун түшүндүрүштү.

ЮНИСЕФтин генгердик адиси Нора Суюналиева балдар арасында «илимде эркектер гана ийгиликке жетишет» деген ой калыптанбашы керек экенин белгиледи.

ЮНЕСКОнун маалыматына караганда дүйнө жүзүндө окумуштуу изилдөөчүлөрдүн 30% гана айымдар түзөт. Кыргызстанда да SТЕМ тармагында окумуштуу айымдар аз. Алардын бири Асел Сартбаева жакында эле химия боюнча Хансон атындагы медалга татыктуу болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG