Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Бишкекте жол кырсыгында үч киши мерт болду


Бишкек шаарында 24-августтагы жол кырсыгында үч киши - алты-жети жаштагы кыз жана анын ата-энеси каза болду.

Шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, ИИМ академиясынын алдында жеңил автоунаа менен жүк ташуучу микроавтобус кагылышкан. Жеңил машинеде бараткандар көз жумган. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын алгачкы тогуз айында 4694 жол кырсыгы катталган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3% көп. Жол кырсыктарынан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2% көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG