Назарали Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Борбордук шайлоо комиссиясындагы (БШК) мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтотту.
БШКнын маалыматына караганда, ал «Республика» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттагына ат салышат.
Шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач парламентке ат салышууга 44 партия ниетин билдирген. 24-августта БШК алардын 17си тийиштүү документтерди тапшырганын, эми талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерүү башталганын кабарлаган. (SE)