Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Бардык аэропорттор күнү-түнү иштөөгө даярдалды


Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аэропортунда тартылган сүрөт. 2018-жыл, октябрь.
Бишкектин четиндеги «Манас» эл аралык аэропортунда тартылган сүрөт. 2018-жыл, октябрь.

Кыргызстанда пандемиядан улам бир канча убакыт иштебей турган аба майдандарынын баары күнү-түнү жүргүнчү тейлөөгө даяр. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо үчүн зарыл шаймандар орнотулуп, адистерге эрежелер үйрөтүлгөн. Бирок азырынча, башка мамлекеттер менен аба байланышты жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыга элек.

Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов 24-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен коронавируска байланыштуу эпидемилогиялык кырдаалды талкуулап жатып айтканы расмий кабарланды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан ички жана сырткы аба каттамдарын токтоткон. Чет өлкөдөгү мекендештер чартердик рейстерде ташылууда.

Июндан тартып Бишкек-Ош-Бишкек багытында гана аба каттамы калыбына келтирилген. Сентябрга жакын Жалал-Абаддагы, Баткендеги, Ысык-Көлдөгү аба майдандары иштей баштай тургандыгы кабарланган.

7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдары кайра жолго коюлган. Орусия, Казакстан жана башка мамлекеттер аба каттамын ачуу тууралуу Бишкектин сунушуна азырынча оң жооп бере элек. (SE)

XS
SM
MD
LG