Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

«Дождь» телеканалына DDoS-чабуул коюлду


Орусияда «Дождь» телеканалына 24-августта DDoS-чабуул коюлду. Телеканал жаңылыктар эфирге берилип жаткан кезде серверге эки жолу чабуул уюштурулганын билдирди.

«Новая газета» каналдын сайтына кирүүдө да кыйынчылык жаралганын жазды. «Skype» аркылуу байланышка чыгууда да тоскоолдуктар болду. Телеканалдын адистери кырдаалды оңдошкону кабарланды.

Ушул өңдүү чабуул 2020-жылдын январында болгон. Анда журналисттерге эки жума бою Интернетке кирүүдө түйшүк жаралган.

«Дождь» бийлик кетирип жаткан кемчиликтерди ачык айтып жүргөн канал катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG