Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Каратаев: коронавирус Баткен менен Жалал-Абадда дагы эле көп жайылууда


Мадамин Каратаев.
Мадамин Каратаев.

25-августтагы онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкө аймактарынын ичинен Жалал-Абад жана Баткен облустарында коронавирустун жайылышы дагы эле көп болуп жатканын маалымдады.

«Динамика оңолгону менен кооптонуу бар. Тилекке каршы, кайрадан оору жукпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Андыктан тийиштүү санитардык талаптар: беткап кийүү, колду самындап жууп туруу, антисептик колдонуу жана социалдык аралыкты сактоо тууралуу унутпаңыздар», - деди ал.

Кыргызстанда 25-августта коронавирус жана пневмония дагы 119 адамдан табылды. Аймактардын арасынан башкаларга салыштырмалуу жогорку көрсөткүч катары Жалал-Абад облусунда 39, Баткен облусунда 19 киши илдетке чалдыккан. 25-августка карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандар 43 245 адамга жетти. (TSh)

XS
SM
MD
LG