Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Бир нече партия БШКга нааразы болуп президентке кайрылды


БШКнын тизме каттаган журналы. 25-август, 2020-жыл.
БШКнын тизме каттаган журналы. 25-август, 2020-жыл.

Парламенттик шайлоого аттанган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Чоң Казат», «Реформа» саясий партиялары 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жиберишти. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулду деп эсептеп, тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну суранууда.

«Биз сизге 24-августтагы БШКнын документ кабыл алууда мыйзам бузууга жол бергенине көңүл буруп, тийиштүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну суранабыз», - деп айтылат кайрылууда.

Бир нече партиянын кайрылуусунда бул көрүнүш БШКнын шайлоону калыс өткөрүүгө кызыкчылыгы жок экенин көрсөткөнү, алдыдагы шайлоого ишенимди кетирери белгиленген.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе жумушчу топтун жыйынында талкууланарын билдирген.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, партия өкүлдөрү штабдан кечки саат 18.00гө 20 мүнөт калганда БШКны көздөй чыгып кеткенин билдирди. Бул убакыт БШКнын имаратына жетип, документ тапшырыш үчүн жетишүү болгонун, бардык документтер өз убагында берилгенин айтты.

Исаев: "Кыргызстан" документти өз убагында берген
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. (TSh)

XS
SM
MD
LG