«Кыргызстан» партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) тастыктама берилген эмес. Бул тууралуу 25-августта жумушчу топтун жыйынында айтылды.
БШКнын мүчөсү Атыр Абдырахматованын ушул тууралуу суроосуна партия өкүлү Талант Мамытов жооп берип, тастыктама берилбегенин айтты.
Бир күн мурда «Кыргызстан» партиясы БШКдан расмий каттоодон өтүш үчүн документтерди тапшырууда эреже бузган деген негизде чыр чыккан.
Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алуу 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек болчу.
«Кыргызстан» партиясынын документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда кабыл алуу убактысы кол менен оңдолуп, 17.59 деп жазылган. Видеокөзөмөлдө да алар белгиленген убакыттан бир аз кечиккени көрсөтүлгөн. Жарандык коом жана башка партиялар буга нааразылык билдирип, маселени жумушчу топ карай баштаган.
Документтерди партия көрсөткөн ыйгарым укуктуу өкүлдөн башка адам тапшырганы да талаш жаратып, БШК төрайымы мында мыйзам бузулганын белгиледи.
25-августта «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев документ кечикпей тапшырылганын айтып, басма сөз жыйынын өткөргөн.
Партия өкүлү Талант Мамытов маселени чечиш үчүн уюм сотко кайрыларын билдирди.
120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Алгач жарышка 44 партия ат салышуу ниетин билдирип, 24-августта алардын 17си расмий каттоого алынган. БШКнын басма сөз кызматы алгач «Кыргызстан» партиясы убакыттан кечикпей документ тапшырганын билдирген болчу. (SE)