Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

«Реформа» партиясы документ кабыл алуудагы чыр боюнча УКМКга кайрылды


БШКнын тизме каттаган журналы. 25-август, 2020-жыл.
БШКнын тизме каттаган журналы. 25-август, 2020-жыл.

«Реформа» саясий партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова 25-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге ачык кайрылуу жиберди.

Анда Жазык-процессуалдык кодексинин 153-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча сотко чейинки териштирүү иштерин баштоону, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мыйзамсыз кадамга барган кызматкерлери менен мүчөлөрүн аныктоону суранды.

Кайрылууда алдыдагы парламенттик шайлоого катыша турган бардык партияларга да бурмалоого жана документтерди оңдоого чогуу каршы турууга чакырык ташталган.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.

Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул маселе атайын жыйында талкууланарын билдирди.

Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат. (NT)

XS
SM
MD
LG