Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 08:04

БШК «Кыргызстандын» документтерин артка кайтарды


БШК «Кыргызстанды» каттабай, документтерин кайтарды
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:58 0:00

БШК «Кыргызстанды» каттабай, документтерин кайтарды

Мындай чечим 25-августта жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунушу каралгандан кийин кабыл алынды.

Жыйында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) тастыктама берилбегени айтылды.

Партиянын жетекчиси Канатбек Исаев чечимге макул эмес экенин айтып, сотко кайрылышарын билдирди.

24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан.

Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган.

Буга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу партиялардын, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусунда жыйын өткөрдү.

Ал арада шайлоого аттанган «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Чоң Казат», «Реформа» саясий партиялары 24-августта «Кыргызстан» партиясын каттоого байланышкан чыр боюнча президент Сооронбай Жээнбековго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаевге жана акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылуу жолдошту. Алар Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» партиясын каттоодо мыйзам бузулду деп эсептеп, тийиштүү кызматкерлерди жоопкерчиликке тартууну суранууда.

«Биз сизге 24-августтагы БШКнын документ кабыл алууда мыйзам бузууга жол бергенине көңүл буруп, тийиштүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну суранабыз», - деп айтылат кайрылууда.

Бир нече партиянын кайрылуусунда бул көрүнүш Боршайкомдун шайлоону калыс өткөрүүгө кызыкчылыгы жок экенин көрсөттү деп, алдыдагы шайлоого ишенимди кетирет деп белгиленген.

«Кыргызстан» партиясынын өкүлдөрү 24-августтагы чыр учурунда БШК төрайымына басым-кысым болгонун айтууда.

Исаев: "Кыргызстан" документти өз убагында берген
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:26 0:00

Кечиккен "Кыргызстан"

Парламенттик шайлоого катышууга ниеттенип жаткан “Кыргызстан” партиясынын документтерин каттоого байланыштуу талаш жагдай жаралды.

«Кыргызстан» партиясынын жыйынынан.
«Кыргызстан» партиясынын жыйынынан.

Бир катар саясий партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү бул партия Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин тапшырууда кечигип калганын айтып чыгышты.

Мындай шектенүү БШКда кезексиз чогулушка жол ачып, талаш менен коштолгон жыйында бир катар күмөндүү жагдайлар ачыкка чыкты. Түн жарымына чейин уланган чогулуштан соң Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясынын документин кабыл алууга байланыштуу жыйын өткөрмөй болду.

«Кыргызстан» партиясын каттоодо чыр чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00

Кыргызстанда парламенттик шайлоого катышчу партиялардын документтерин кабыл алуунун акыркы күнү талаш окуялар менен коштолду.

Бул күнү саясий жарышка катышууну каалаган партиялар саат 18.00гө чейин тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырып, үлгүрүшү керек эле. Дал ушул белгиленген мөөнөттө документтерди тапшырууга “Кыргызстан” партиясы үлгүрбөй калганы боюнча маалыматтар 18.00дөн соң алгач социалдык тармактарда тарады.

БШКнын “бышыктыгын сынаган” түнкү жыйын

Бул маалыматты “Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги четке какканына карабай, медиа каражаттарына жайылып, соңунда Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер – ондогон адам чогулду.

Алар алгач БШКнын имаратынын алдында тиешелүү кызмат адамдарын күтүп отурса, түн оогонго жакын БШКнын имаратынын ичине киришти. Алардын арасында парламент депутаттары Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаев да болду. Чогулгандар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баштаган жооптуу адамдардан «Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин тапшырган убакытты так көрсөтүүнү талап кылышты.

БШК өкүлдөрү "Кыргызстан" партиясы мыйзамда көрсөтүлгөн убакыт - 24-август, 18.00гө чейин үлгүрүп калды деп айтышса, чогулгандар ага ишенген жок.

Партия документтерди үлгүрүп тапшырганын далилдеген материалдарды көрсөтүүнү талап кылышты. Ал – БШКга кирип чыккандарды тартып алган видеокамера жана документ тапшырганы келген партия өкүлүн каттоочу журнал.

Камерадан алынган видео «Кыргызстан» партиясынын өкүлү документтерди мыйзамда белгиленген убакытта тапшырбаганын көрсөттү.

Мындан соң БШК өкүлү видеобайкоодогу саат туура эмес, 13 мүнөт айырма бар деп чыкты.

БШКнын партияларды каттаган журналы
БШКнын партияларды каттаган журналы

Чогулгандар ага ишенишкен жок. Андан соң документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналды талап кылышты.

Мында дагы «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылганы көрсөтүлдү. Үчүнчүдөн, документ тапшырган "Кыргызстан" партиясынын өкүлү катары аял кишинин аты жазылган. Бирок видеодо партиянын өкүлү деп эркек киши көрсөтүлүп жаткан. Эң негизгиси документти тапшырганын күбөлөндүргөн кол тамга коюлган эмес.

Белгилей кетчү жагдай, аталган журналда “Реформа”, “Республика” “Бүтүн Кыргызстан”, “Социал-демократтар”, “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Ордо” сыяктуу партиялар да каттоо бүтөрүнө саналуу мүнөттөр калганда документ тапшырганын көрүүгө болот.

Дал ушундай шек жараткан жагдайлар менен коштолгон стихиялуу жыйын катуу талаштар менен коштолду.

Бир катар жарандык активисттер жана башка партиялардан депутаттыкка талапкерликке көрсөтүлгөндөр “Кыргызстан” партиясын шайлоого каттабоого чакырып жатты.

“Кыргызстан” партиясынын тагдыры талашта
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:46 0:00

Алардын айрымдары акыркы жагдайды жарандык коом, саясий партиялардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн жумушчу топто талкуулоону сунуш кылды. Маселен, “Реформа” партиясынын мүчөсү Азият Жекшеев ушул жол аркылуу абалды жөнгө салууга болот деген пикирде:

«Келгиле, биз азыр талкуулап, чечип алалы. Абалды карап чыгуу үчүн жалпы жумушчу топ түзөлү. Ага жарандык коомдун, саясий партиялардын, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирип, изилдеп чыксын».

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бул сунушту колдоду. Ал акыркы кырдаалды Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү карашы керектигин билдирди. Ал “Азаттыкка” кыска маегинде соңку кырдаалды төмөнкүчө комментарийледи:

БШКдагы жолугушуу, 25-август, 2020-жыл
БШКдагы жолугушуу, 25-август, 2020-жыл

«Бул кырдаал шайлоодо атаандаштык абдан чоң болорун көрсөтөт. Жумушчу топ түзүп, чогуу отуруп карайлы деген сунуш болду. Аны мен колдойм».

Шайлдабекова маселени БШКнын жумушчу тобу 24 сааттын ичинде карап чыгарын билдирди.

Негизи БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну мыйзамга ылайык, 24-августта саат 18:00дө токтотот.

24-август саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партия тизмесин тапшырганын жарыялаган, алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да үлгүрдү деп көрсөтүлгөн. Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы каттоого өтүүдөн кечигип, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Аталган партиянын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалыматтын чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Учурда “Кыргызстан” партиясынын жетекчилиги бул кырдаал боюнча кеңири комментарий бере элек. Аталган партиянын өкүлдөрү 25-августта билдирүү тарата турганын айтуу менен чектелди.

Партиянын атынан талапкер болууга ниеттенип жаткан Мирлан Орозбаевдин пикиринде “акыркы жагдай “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышар-катышпасын аныктоочу нерсе эмес. Бардык маалымат такталып, талаш укуктук талаада жүрүшү керек. Бир видеону көрүп алып эле, “Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпайт" деп кол чапкан ойлор бул кызыкдар тараптардын пикири болуп жатат”.

Эми эмне болот?

Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына байланыштуу жагдайды өз жыйынында карамай болду. Мындан аркы окуялар дал ушул БШКнын чечимине жараша болмокчу. Айрым жарандык активисттер бул маселе боюнча 25-августта таң эрте чогулуп, кырдаалга көз саларын айтышты.

Алар бул чечимге жараша парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын алдын ала канчалык легитимдүүлүгү боюнча маселени аныктайт деген пикирин айтышууда.

Жарандык активист Улан Үсөйүндүн айтымында, БШКнын чечимине жараша чечкиндүү кадамдар болушу мүмкүн.

Улан Үсөйүн
Улан Үсөйүн

«Бир эмес, бир нече фактыны көрдүк. Кечигип келгенин, атайын өкүл өзү келип тапшырбаганы жана башка жагдайлар. Ошондуктан, эртең жарандык коом, саясий партиялар чогулуп, көз карандысыз комиссия түзүшүбүз керек. Биринчи талап - документти кеч берген партиялар шайлоодон четтеши керек. Экинчи талап - БШКнын жетекчилиги, бул жагдайга жооптуу кызматкерлер жоопкерчиликке тартылышы керек».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынан шайлоого катышарын жарыялаган Жанар Акаев акыркы кырдаал бийликтин парламенттик шайлоону өткөрүүдө канчалык объективдүү болорун көрсөтөт деген ойдо:

«Буга чейин бийликтен бата алган партиялардын баары “бизге боло берет” дегенге көнүп калган. Алар БШКга телефон чалдырып коюп, биз кеч тапшырсак да өтө берет деп жашап келишкен. Бүгүн болсо, жарандык коом, ЖМК күчтүүлүгүн көрсөтүп, азыркы кырдаал жаралып атат. Эгер бийлик, анын ичинде БШК кечигип келген партияларды шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алса, бизде шайлоо таза өтөт деген кайсы бир ишеним жаралат. Жок, андай болбой күч менен эле каттап, ага катыштыруунун камын көрсө, азыркы шайлоонун тазалыгына күмөн саноо күчөйт».

Ал эми “Мекеним Кыргызстан” партиясынын төрага орун басары Канатбек Азиз учурда БШК конструктивдүү иш алып барууга бардык аракетин көрүп жатат деп эсептейт:

Канатбек Азиз
Канатбек Азиз

«Мен БШК бул маселени объективдүү карайт дегенге ишенем. Азыркы күндөргө чейин бул орган кайсы бир партияны кысымга алды дегенди уга элекмин. Азырынча БШК жана жумушчу тобу бул маселе боюнча чечим да кабыл ала элек. Кандай чечим болорун көрөбүз. Эмне чечим болбосун, аны сот жана элдик көзөмөлдүн негизинде карап, жокко чыгарса болот же күчүндө калтырыш керек».

Үгүт өнөктүгү баштала элек жатып эле мындай жаңжал менен коштолгон кырдаал быйылкы шайлоонун өтө кызуу өтөрүнүн далили катары каралып жатат. Мындай бааны БШК, саясий партиялардын мүчөлөрү да беришүүдө. Эң негизгиси күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо мыйзамдар сакталбай, кайсы бир күчтөрдү алдыга сүрөө аракети болсо. катуу нааразылыкка туш болорун айтышууда.

Буга чейин президент парламенттик шайлоону калыс өткөрүүгө бир нече жолу убада берген.

4-октябрга белгиленген шайлоого алгач 44 партия катышуу ниетин билдирген. Алардын арасынан БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган. Алардын катарында «Кыргызстан» партиясы да аталган. Эми бул партиянын саясий жарышка катышабы же акыркы талаштан соң андан четтейби БШКнын чечимине көз каранды.

БШКга басым болгон жокпу?

Ошол эле кезде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында түн ортосунда болгон чаржайыт жыйын боюнча эки ача пикир жаралды. Алгач болуп, шайлоонун так, ачык өтүшүн талап кылып, мыйзам бузууларга каршы турган саясий күчтөрдүн аракети катары бааланды. Ошол эле кезде бири-биринин сөзүнө “конок бербей, өтө эмоционалдуу өткөн жыйындын жүрүшүндө БШКга басым болгон жокпу?" деген суроо да жаралды.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова акыркы кырдаалды бир четинен басым катары кароо болот деп жарым-жартылай жооп бергени менен акыркы кырдаалды коомчулуктун көзөмөлү катары сыпаттады:

«Бир четинен ушундай. Бирок мен коомчулуктун суроолоруна ачык жооп берүүгө дайым даярмын. Ушинтип чогулуп, күмөн санаткан видеону көрүү жакшы эле көрүнүш деп ойлойм».

“Кыргызстан” партиясы эмнеси менен белгилүү?

Акыркы талаштын объектине айланган “Кыргызстан” партиясы расмий түрдө 2010-жылы түзүлсө да, 2015-жылдагы шайлоо алдында кыска убакыт аралыгында активдешкен. Катарына негизинен ишкерлер кирген партия беш жыл мурунку шайлоодо 18 мандат алып, парламентке келген.

Партия негизинен бийликке лоялдуу позицияны ээлеп, коалициялык көпчүлүктүн мүчөсү болуп келди. Аталган партиядан депутаттыкка шайланган Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы кызматын аркалайт.

Ал эми партиянын лидери Канатбек Исаев “бийликти басып алууга аракет кылган” деген берененин негизинде жарым жылга жакын абакта отуруп, кийин бул ишти Жогорку сот кыскарткан. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оппозицияга өткөнү үчүн куугунтукка кабылганын айтып келет.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышарын жарыялап, алдыңкы катардагы талапкерлердин тизмеси да ачыкка чыккан. Анда негизинен мурдагы парламентке депутат болгон адамдарды көрүүгө болот.

“Кыргызстан” партиясына өлкөдөгү эң бай ишкерлердин бири Шаршенбек Абдыкеримовдун таасири күчтүү экени айтылып келет. Ал бул партиянын башында тургандарын бири экенин жашырбайт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (88)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG