Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Активисттер БШК төрайымынан «Кыргызстан» партиясы боюнча маалымат талап кылышты


Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

Жарандык активисттер жана журналисттер Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабековадан партияларды каттоого алуу учуру жазылган видеожазууну жана каттоо журналын көрсөтүүнү сурашты. Алар мындай кадамга «Кыргызстан» партиясы «каттоого өтүүдөн кечигип, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы» тууралуу тараган маалыматтан улам барышууда.

24-августта түнкү саат 11де алар БШКнын имаратынын алдында мекеменин башчысы Шайлдабекова менен жолугуп, ушул маселени көтөрүштү.

Шайлдабекова алардын өтүнүчүн жумушчу топ менен талкуулай турганын билдирди.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну, эрежеге ылайык, 24-августта кечки саат алтыда токтотту. Жалпысынан 17 партия расмий каттоого алынды. Саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин жарыялаган, анда «Кыргызстан» партиясы да аталган.

Көп өтпөй социалдык тармактарда «Кыргызстан» партиясы каттоого өтүүдөн кечигип, маселени жең ичинен чечүүгө аракет кылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Аталган партиянын өкүлү Нурбек Алимбеков жана БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришкен.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШК 4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтарды текшерип, анан бир айлык үгүт башталат. (SE)

XS
SM
MD
LG