Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

УКМК: ИИМдин подполковниги далил буюм болгон алтындын уурдалышына шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, подполковник кармалганын маалымдады. Учурда кармалган жетекчи УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин ушул факты менен Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери жана эки жаран кармалган.

Буга чейинки атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, июль айында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын өкүлдөрү сотко чейинки териштирүүгө алынган ишке байланыштуу баңгизатты жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. УКМКнын маалыматына ылайык, ИИМдин кызматкерлери тинтүү учурунда табылган үч килограммдан ашык алтынды уурдап алышкан.

Факт Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 200-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды.

22-августта кылмышка шектүү катары үч кызматкер кармалып, кеңселерин тинтүү учурунда сакталган баңгизат табылган. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG