Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:28

Уурдалган алтын, ИИМдеги кадр кризиси


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте үч милиция кызматкери далил катары алынган үч килограммдай алтынды кымырып алган деген шек менен кармалды. Факт боюнча иш козголду, кызматтык иликтөө башталды.

Далил буюмдардын жоголушу мурдараак башка укук коргоо органдарында да болгон эле. Адистер бул жагдайлар күч түзүмдөрүндөгү кадрдык кризисти көрсөтүүдө деп эсептешет.

Жаңы фактылардын изи

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын үч кызматкери далил буюмдардын кымырылышына шектүү катары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады.

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери сотко чейинки териштирүүгө алынган ишке байланыштуу июль айында баңгизатты жана алтынды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу шектүүнү кармашат. ИИМдин кызматкерлери башка кишилер менен сүйлөшүү жолу менен тинтүү учурунда табылган үч килограммдан ашык алтынды уурдап алышкан. Учурда бул факт Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 200-беренеси («Уурулук») менен сотко чейинки териштирүүгө алынды», - деп айтылат атайын кызматтын билдирмесинде.

Кылмышка шектүү катары үч кызматкерди (К.И.К., С.А.А. жана К.Б.Б.) кармоо 22-августта жүргөн. Алардын иш бөлмөлөрүн тинтүү учурунда сакталган баңгизат табылган. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Ушул эле факт боюнча ИИМ өзү да ички иликтөө иштерин баштады. Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов жагдайга мындайча комментарий берди:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Фактынын өзүнө байланыштуу УКМКнын кызматкерлери сотко чейинки териштирүү жүргүзүүдө. Ал боюнча кызматтык тартип кандай себептер менен бузулуп калганын ИИМдин өздүк ички иликтөө кызматы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүүдө. Анын жыйынтыгы менен өздүк тартипти бузгандардын, мыйзамдуулукту сактабастан, жанагындай кылмышка барган кызматкерлердин, алардын жетекчилигинин жоопкерчилиги сөзсүз түрдө каралат».

26-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бул ишке катышы бар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси, подполковник кармалганын маалымдады. Учурда кармалган жетекчи УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

«Кой терисин жамынган карышкырдын» иши

Кантсе да мыйзамды сакталышын жана аткарылышын камсыз кылган милициянын ичинде байкалган бул окуя коомчулукта, социалдык тармактарда бир сыйра талкууга түштү. Алардын ичинде милициянын өзүнүн ардагерлеринин арасында да муну айыптагандар көп болду.

Милициянын кызматтан кийинки (отставкадагы) полковниги Шамшыбек Мамыров кепке кошулду.

Шамшыбек Мамыров.
Шамшыбек Мамыров.

«Ал милиция кызматкерлери соттун чечими менен тергөө абагына киргизилди. Сот УКМКнын берген далилдерди карап чечим кабыл алды да, - деди ал. - Демек, «жел жүрбөсө чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, кандайдыр бир негиз болуп калды. Эгер дүйнөлүк деңгээлде алсак деле, кээ бир мамлекеттердегы полиция кызматкерлеринин арасында да ушундай болуп жатпайбы. «Бир кумалак бир карын майды чиритет» дегендей, бул адамдык фактор. Албетте, бул өкүнүчтүү, аброй алып келбей турган көрүнүш. Бул кызматкерлердин тазалыгы, абийири, жүрүм-туруму маселелерине көңүл бурууга түртүшү керек. Бул боюнча комплекстүү иш-чаралар өтүшү керек. Мыйзам коргоочу катары болуп туруп, кой терисин жамынган карышкырга окшоп, кайра өздөрү мыйзамды бузууга барышканы азыр милицияда кызматтык, кадрдык кризис бар экенин айгинелейт».

Башка жагынан караганда тергөөгө тиркелген далил зат жоголуп кеткен учурлар Кыргызстандын күч кызматтарында мурун деле болгон. Айрым кылмыш иштерине байланыштуу курал-жарак, баңгизат же накталай сакталган акча каражаттары уурдалып кеткен фактылары бар экени айтылат.

Маселен, 2018-жылы Бостериде өрттөнгөн «Осьминог» ресторанынын ээси Аскат Асанкадыров кылмыш тобунун мүчөлөрү талап кылган 500 доллар «караларды» кармаган учурда далил зат катары тергөөгө, андан ары сотко кетип, кийинчерээк дайыны чыкпай калганын билдирген эле. Кийин ИИМ бул боюнча билдирүү таратып, бул акча сотто далил зат катары тургандыгын, иш бүткөндөн кийин жабырлануучуга кайра кайтарылып берилгенин кабарлаган.

Ушул эле 2018-жылы УКМК Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоону колдоо башкармалыгынын башчысы Улан Чалбаевдин иш бөлмөсүндө ыкчам тинтүү иштерин жүргүзүп, анда табылган баштыктан 200 миң доллар чыкканын жарыялаган. Былтыр Чалбаевдин атасы Акматбек Чалбаев жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, анын уулунун иш бөлмөсүнөн далил зат катары табылган 200 миң доллар жоголуп кеткенин айтып чыккан. УКМК болсо бул маалыматты четке кагып келет.

Бул ачыкка чыккан чуулуу фактылар. Адистер мындай окуялар укук органдарында дайыма болбосо да, кез-кезде кайталанып турчу көрүнүш экенин айтышат.

«Жарандык биримдик» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев бул тууралуу төмөнкүдөй оюн ортого салды:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Бул көрүнүшкө биринчи кезекте күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин маянасынын аздыгы себеп болот. Башка тармактагы адистер 1-2 айда тапкан киришени булар беш-он жылдап иштеп, араң табышы мүмкүн. Айлыгы 10-15 миң болсо да ашыкча акча кармап, машинесине май куюп же кымбат машине минип жатышса кызматын пайдаланып, ар кандай жолдор менен мыйзамсыз акча таап жатышканы түшүнүктүү да. Андан кийин мыйзамдын иштешине көзөмөлдүн жетишсиздиги түрткү болот. Айрым кызматкерлер иш учурунда өздөрүн мыйзамдан өйдө коюп, мундирдин аброюн тебелеп-тепсеп, ушундай жаман иштерге барышат. Ошондуктан мындай окуялар бизди системаны жалпы карап чыгууга мажбурлашы керек. Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюш керек, көзөмөлдү күчөтүш керек. Күч түзүмдөрү менен кошо сот тармагын да оңдоо зарыл. Келе жаткан шайлоодо утуп чыккан партиялар укук коргоо жана сот органдарын реформалоону колго албаса болбойт».

Кез-кезде атайын кызматтын жана милиция органдарынын өкүлдөрү мушташып, атышып кеткен учурлары же кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткен учурлары да катталып калат. Анда да кадрлар маселеси жана укук коргоо органдарын реформалоо тууралуу маселе улам козголуп турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG