Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Түркияда «мыйзамдагы ууру» окко учту


Надир Салифов.
Надир Салифов.

Түркиянын полициясы мурдагы СССР аймагындагы эң таасирдүү «мыйзамдагы ууру» атыккан Надир Салифовдун өлүмүн иликтөөдө.

«Лоту Гули» деген каймана ат менен таанылган Надир Салифовдун өлтүрүлүшү тууралуу кабар төгөрөктүн төрт бурчуна желдей тарады. 47 жаштагы Салифов Азербайжан менен Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири катары таанымал болгон. Ал 19-август күнү кечинде Түркияда окко учкан.

Окуя 19-августка караган түнү Анталиянын Богазкент районундагы мейманкананын ресторанында болгон. Салифовдун жан сакчысы Кайн Зейралов күтүлбөгөн жерден туруп эле бир дасторкондо отурган жеринен Салифовго ок аткан. Оор жарадар болгон Салифов ооруканага жетип көз жумган. Окуядан кийин 25 жаштагы жансакчы Анталиядан Денизли шаарына машинеси менен качып бараткан жеринен полиция кармаган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ишенимдүү булактары өлтүргөн адам Салифовдун кыска видеосун кечке маал чөнтөк телефонуна тартып, өлтүргөнгө чейин бир нече кишиге жибергенин айтышкан. Муну түркиялык «Демирөрен» кабар агенттиги да тастыктап, сайтына Салифовду жан сакчысы өлтүрөрдөн мурунку видеосун койгон.

Салифовдун сөөгү Стамбул шаарынын Бүйүкчекмеже аймагындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлду. Түркиялык «Демирөрен» маалымат агенттиги маркумдун жаназасынан видео жарыялады. Анда жаназага жүздөгөн киши келгенин, түрк полициясы коопсуздук чараларын көргөнүн жана мечитте «Гули, сен менин жүрөгүмдөсүң» деген жазуусу бар тизилген гүлчамбарлар көрүнөт.

Түрк бийлиги кылмышка шектүүнүн аты-жөнүн атаган жок. Бирок «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун булактары билдиргендей, ок аткан жансакчы Зейралов видеону жөнөткөн деген төрт кишинин баарын тең түрк бийлиги таап, суракка алган. Алардын арасында АКШда эл аралык баңгизат соодасынын лидери катары издөөдө жүргөн, «Золотой» каймана аты менен белгилүү Равшан Мухиддинов да болгон. Ал өзбекстандык кылмыш топторунун ана башы жана Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) мурдагы башчысы Гафур Рахимовдун жээни.

Мухиддинов 20-августта түн ичинде Стамбул шаарында кармалган. Түрк полициясы аны жети саат бою суракка алган соң бошоткон. Ошондой эле орусиялык маалымат каражаттары, Орусиянын коопсуздук кызматы Салифовдун жакын санаалаштарынын бирин Сибирде кармап, сурактан кийин эч кандай айып койбостон бошотконун кабарлашкан.

Ал эми түркиялык «Демирөрен» маалымат агенттиги кылмышка шектүү эки киши менен Анталия шаарынын прокуратурасы тергөө жүргүзгөнүн кабарлады. Жансакчы Зейралов тергөөдө Салифов тууралуу: «Ал мага такыр жакчу эмес. Экөөбүз чогуу жашап, бирге өскөнбүз. Мен анын жансакчысы элем, бир топ жылдар бою чыдадым. Мен айласыздан ага жаксакчы болуп жүрчүмүн», - деп айтканын жазып чыкты.

Азербайжандык Надир Салифов Грузияда туулган. Төрөлгөндөн көп өтпөй ата-энеси Азербайжанга көчүп кетишкен. Ал кылмыш дүйнөсүнө жаштайынан аралашып, «Уурулук», «Бандитизм» жана «Адам уурдоо» беренелери менен соттолуп, 22 жыл бою Азербайжандын түрмөсүндө отурган.

1990-жылдары соттолгондон кийин Салифов өзүнө баш ийгендерге, анын ичинде Орусиядагы азербайжандар башкарган кылмыштуу чөйрөнүн мүчөлөрүнө буйрук берип турган. 2014-жылга чейин Салифов Москвадагы үч ири базарды көзөмөлгө алууга жетишкен. Орус бийлиги Салифовго каршы Москвада жана Орусиянын башка аймактарында «Адам уурдоо» жана «Опузалоо» беренелери боюнча бир нече кылмыш ишин козгогон.

Салифов Орусияда «мыйзамдагы уурулардын» кылмыштуу системасында жогорку орунду ээлегендиги үчүн тергөөдө жүргөн. Ал бул деңгээлге 2016-жылы орус мафиясынын өкүлү жана «мыйзамдагы уурулардын» лидери грузин «Шакро Молодой» деген каймана аты менен таанымал Захарий Калашов камалгандан кийин жеткен.

«Эркин Европа / Азаттык» радиосунун булактары билдиргендей, Калашов Салифовду Орусиянын түрмөсүнөн өлүм жазасына буюрган. Алар Салифовду «талаштуу жагдайларда атаандаштарына кол салуу менен «уурулардын «ар-намыс кодексин» бузган» деп айыпташкан.

АКШнын Финансы министрлигинин чет элдик активдерди көзөмөлдөө бөлүмү (OFAC) «мыйзамдагы ууруларды» «дүйнө жүзүндөгү кылмыштуу иштердин узун тизмесине байланган евразиялык бирикме» деп мүнөздөп, алар «АКШга жана анын өнөктөштөрүнө коркунуч туудурат» деп белгилейт.

Ошондой эле америкалык мекеме билдиргендей, «мыйзамдагы уурулар» 1991-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин анын курамындагы өлкөлөрдө гана эмес, Европа менен АКШда да акча адалдоо, опузалоо, паракорлук, адам уурдоо жана каракчылык сыяктуу кылмыш иштеринде үстөмдүк кылышкан. Муну менен катар «мыйзамдагы уурулардын» бирикмесинин мүчөлөрү «кынтыксыз» кылмыш белгилери бар кодду сактоого ант беришет. Алардын кодексинде кылмыштын жол-жоболору жана башка ууруларга колдоо көрсөтүү жөнүндө «мыйзам» бар.

«Мыйзамдагы уурулар» алгач Совет доорундагы сталиндик лагерлерде пайда болгон.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG