Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

AIBA: Чуулгандуу Рахимов президент болду


Гафур Рахимов
Гафур Рахимов

АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесине киргизилген өзбекстандык ишкер Гафур Рахимов Эл аралык Олимпиада комитетинин эскертүүсүнө карабай, Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайланды.

67 жаштагы Рахимов ага чейинки жетекчиси Чинг Куо Ву отставкага кеткенден бери уюмда президенттин милдетин аткаруучу болуп келе жаткан.

Ассоциациянын 2-3-ноябрда Москвада өткөн конгрессинде 134 мүчөнүн 86сы Гафур Рахимовду колдоду. Ал эми советтик жана казакстандык белгилүү боксчу, Азиянын бокс конфедерациясынын жетекчиси Серик Конакбаев 48 добуш алган.

Рахимовдун талапкерлигин Орусия да колдоду. Бул жыйында Орусиянын бокс федерациясынын башчысы Умар Кремлев тарыхта биринчи жолу - AIBA аткаруучу комитетинин мүчөсү болуп шайланды. Ал өз сөзүндө “Рахимов татыктуу президент” деп белгиледи.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Гафур Рахимовго өз талапкерлигин алып салууну, болбосо 2020-жылы бокс Токио олимпиадасынын программасынан алынып салынышы мүмкүн экенин эскерткен.

- Эгер мен ачык айтсам, ооба, бизде азыр Эл аралык Олимпиада комитети менен арасат абал болуп турат. Бирок биздин өкүлдөр алар менен дайыма байланышта. Мен өзүм байланышкан жокмун. Мен мына, төрт жылга шайландым. Эми алар менен байланышканга аракеттенем, - деди Гафур Рахимов шайлангандан кийин.

Ал ага чейин Эл аралык бокс ассоциациясынын мүчөлөрүн уюмдун президентин шайлоо алдында "маалымат каражаттарындагы чайкоочулукка" кулак салбоого чакырган:

- AIBA курамына кирген ассоциациялар электрондук каттардагы жана спорттук сайттардагы кайсы бир имиштерге алдырбайт деп ишенем. Биз баарыбыз биздин тандоо дүйнөдөгү бокстун келечеги үчүн жакшы иш кылуу экенин билүүбүз маанилүү. AIBA мүчөлөрүнө кимге добуш беришти же бербешти эч ким үйрөтпөшү керек. AIBA 20 жылдан ашык мезгилден бери менин жашоом болуп келе жатат. Мен эч качан биздин спорттун түрүн коркунучка кептебейм. Мен боксту дайыма биринчи орунга койгом жана келечекте да ушундай болот.

Эл аралык Олимпиада комитети боксту 2020-жылкы Олимпиаданын программасында калтыруу маселесин ноябрдагы жыйынында карайт.

Азыркы учурда Эл аралык Олимпиада комитетинин Эл аралык бокс ассоциациясынын ишмердигине байланыштуу февралда башталган иликтөөсү уланууда. Иликтөө жүргүзүү Пхёнчхан олимпиадасынан кийин кабыл алынган. Эл аралык Олимпиада комитетин уюмдун башкаруу, каржы маселелери жана антидопинг боюнча иштери канааттандырган эмес.

Гафур Рахимов Кошмо Штаттардын санкциялык тизмесине биринчи жолу 2012-жылы илинген. АКШнын Каржы министрлиги аны өзбекстандык кылмыш топтордун ана башыларынын бири деп санайт.

“Гафур Рахимов Борбор Азиядагы маңзат өндүрүшүнө адистешкен мурдагы СССРден чыккандардан түзүлгөн “Братский кругдун” негизги өкүлү, өзбек кылмыш топторунун башчыларынын бири эсептелет. Рахимов эл аралык ири баңгизат синдикаттарын, анын ичинде апийим аткезчилиги менен шугулдангандарды башкарган” деп айтылган АКШнын Каржы министрлигинин ошол кездеги маалыматында.

Мыйзамга ылайык, санкция салынгандардын америкалык банктардагы эсептери жана ишканалары жабылат. Америкалык жарандарга алар менен кызматташууга толук тыюу салынат.

АКШнын Каржы министрлиги 2017-жылдын 21-декабрында “Магнитский” мыйзамына ылайык, 13 адамдын жана 39 уюмдун ишмердигине тыюу салган. Рахимов бул жолу да Вашингтондун санкциялык тизмесине киргизилген.

- Бул маселе менен биздин юристтер алектенип жатат. Биз АКШнын казыначылыгы менен эки айдан бери кат жазышып, алардан жооп күтүп жатабыз, - деди Гафур Рахимов Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти болуп шайлангандан кийинки сөзүндө.

“Братский кругдун” негизги өкүлү деп АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан, "Коля кыргыз" деген каймана ат менен таанымал Камчы Көлбаевге да санкция салганы маалым.

Быйыл майда Гафур Рахимов "мурда-кийин кайсы бир өлкөдө жоопкерчиликке тартылбаганын, ага айып коюлбаганын жана кылмыштуу топтор менен байланышы болбогонун" айтып билдирүү тараткан.

Гафур Рахимов Өзбекстандан 2010-жылы чыгып кеткен. Айрым маалыматтар боюнча туруктуу Дубайда жашайт.

Гафур Рахимов.
Гафур Рахимов.

2013-жылы Өзбекстанда Гафур Рахимовго “опузалап акча талап кылуу”, “кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу”, “документ жасоо” беренелери боюнча айып коюлуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Гафур Рахимовду издөөдөгү кишилердин тизмесинен быйыл июль айында гана чыгарган.

27-июлда Рахимов Ташкентке келген жана Өзбекстан Улуттук Олимпиада комитетинин жетекчилиги менен жолуккан. Ал өз сөзүндө президент "Мирзиёев жүргүзүп жаткан реформалардан улам Өзбекстандын спортунда кардиналдуу өзгөрүүлөр" болуп жатканын белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG