Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Кримтөбөл туугандары менен чогуу камалды


Шухратулла Насиров эки жыл мурда абактан бошотулган учуру.
Шухратулла Насиров эки жыл мурда абактан бошотулган учуру.

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги 61 жаштагы кримчөйрө төбөлү Шухратулла Насировду өз үйүнөн кармады. Кылмыш чөйрөсүндө “Шухрат Домбрабад” деген каймана аты менен таанылган кримтөбөл менен кошо туугандары да камакка алынды.

Ташкент шаарында бир тууган Насировдор бөлөсү Бахадыр Шараповдун арызы боюнча кармалганы кабарланды. Шарапов үйүн сатууга камынып жатканда кримтөбөл Насиров үйдүн бардык документтерин тартып алган. Аты-жөнүн атагысы келбеген коңшуларынын бири буларга токтолду.

- Өзү ал үй Шухрат Насировго тиешелүү деп уккам. Бөлөсү ал турак жайды сатам деп жатканын уккан Насировдор документтерин алып коюшуптур. Ага ызаланган Бахадыр Шарапов орган кызматына кайрылыптыр.

Шухратулла Насиров 1993-жылдары кармалганга чейинки учурда
Шухратулла Насиров 1993-жылдары кармалганга чейинки учурда

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү “Азаттыктын” өзбек кызматына билдиргендей, Ташкент шаарында кримтөбөл Насиров туугандары менен атайын операциянын жүрүшүндө кармалган.

Алгач Домбрабад маалесинде Шавкат Насиров кармалган. Ал эми туугандарын алар жашаган райондо аңдып отуруп колго түшүрүшкөн.

- Ондогон беткапчан күч кызматкерлери биздин айылды курчоого алды. Кармоо операциясы болжол менен кечки саат 8дерде болгон. Автоунаада күтүп отурган атайын кызматтын өкүлдөрү Насировдун 62 жаштагы агасы Шавкатты көчөдөн колуна темир кишен салып алып кетишти. Андан соң Шухрат Насировдун үйүнүн эшигин бузуп киришип, тинтүү жүргүзүштү. Керектүү нерселерди өздөрү менен бирге алып кетишти, – деди атын жашырган туугандарынын бири.

Насировдор учурда Ички иштер министрлигинин тергөө изоляторунда кармалууда. Көп узабай алардын 55 жаштагы карындашы Гүлнара Расулова да камакка алынды. Булардын үстүнөн козголгон ишти ички иштер министри өз көзөмөлүнө алды.

Иште жабарлануучу катары өткөн Бахадыр Шарапов бөлөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазбаганын “Азаттыктын” өзбек кызматына берген комментраийинде айтты.

- Мен Шавкат жана Шухрат Насировдордун үстүнөн милицияга арыз жазган эмесмин. Тескерисинче, алар биринчи менин үстүмдөн кайрылышкан экен. Эми алардын баары жалган болуп чыгып, ошол үчүн аларды милиция кармаганды окшойт, - деген Шарапов 2017-жылы кримтөбөл бир тууган Насировдор аны “30 миң АКШ доллар акча алдым” деп тилкат жазып берүүгө мажбурлаганын да айтып берди.

- Силер Шухратты билесиңерби? Ал айдоочу же дүкөндөгү сатуучу эмес. Мен ал боюнча силерге айтып берейин. Ал мурдагы “авторитет”. Ошон үчүн мен аларга каршы тура алган жокмун.

“Шухрат Домбрабат” - деген ким?

1994-жылы Ташкент шаардык соту Шухратулла Насировду бир нече кылмыш иштери боюнча күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан.

Шухратулла Насиров абак жайлардын биринде.
Шухратулла Насиров абак жайлардын биринде.

2016-жылдын 16-августунда жаза мөөнөтүн өтөп бүттү деген негизде эркиндикке чыккан.

Көпчүлүк ташкенттиктер Насировду 1990-жылдары уурдалган автоунааларга тиешеси бардыгын белгилешет.

Анткени 1990-1994-жылдары автоунааларды карактоо жана уурдоого байланышкан иштердин көпчүлүгүнө Насиров аралашкан. Мындан сырткары байлардын акчасын тартып алып, кайрымдуулукка жумшаганы, мечит куруп бергени жана маркум президент Ислам Каримов менен бирге ажыга зыяратка барганы айтылат.

1993-жылы ал Дендро парктагы атышуудан кийин камакка алынган. Анда Насиров Ташкенттеги уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлери менен сүйлөшүүгө барып, аларга каршылык көрсөткөн деп айтылат.

Эл арасында ал Мамлекеттик коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Рустам Инаятовдун “душманы” катары да белгилүү. Ошондуктан абакта анын жаза өтөө мөөнөтү бир нече жолу узартылган. Жалпысынан Насиров 23 жылдан ашуун өмүрүн абакта өткөрдү.

Туугандарды болсо ал эркиндикке чыккандан кийин кылмыш дүйнөсүнөн оолактап, жашоосун үй-бүлөсү менен гана өткөрүп жатканын айтышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG