Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Мирзиёев мыкаачы чекисттерди аябайт


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиянда эл менен жолугушуп жатат. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Анжиянда эл менен жолугушуп жатат. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Өзбекстанда Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) Бухара облустук башкармалыгынын жана облустук прокуратуранын жетекчилери баштаган бир топ мурунку кызматкерлери соттолду.

Президент Шавкат Мирзиёевдин жеке көрсөтмөсү менен ачылган кылмыш ишин Жогорку аскер соту карап, алардын алдын 18 жылга чейин эркинен ажыратты. Мурунку күч түзүмүнүн өкүлдөрү "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишкерлерди тергөө учурунда кыйнаган" деп күнөөлөнүүдө.

Айыпталып жаткан 11 кызматкерге каршы Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 301-беренесинин (“Кызмат абалынан ашыкча жана кыянаттык менен пайдалануу”), 235-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.

Коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин көрсөтмөсү менен ачылган ишти Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү жүргүзгөн. Соттун өкүмүнө ылайык:

Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

- Улуттук коопсуздук кызматынын Бухара облустук башкармалыгынын мурунку башчысы Рустам Азимов 14 жылга, анын ички коопсуздук боюнча орун басары, полковник Азим Юнусов 18 жылга, облустук коррупцияга каршы күрөш кызматынын башчысы Инамжан Марупов 16 жылга, башкармалыктын тергөөчүсү Умид Инагомов 18 жылга, Бухарадагы СИЗОнун сакчысы Жамшид Сафаров менен Александр Иванов ар бири 18 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле Бухара облустук ички иштер башкармалыгынын патрулдук көзөмөл кызматынын башчысы Азам Камалов эмгек акысынын 400 көрсөткүчүнө барабар айып салынып сот залынан бошотулду.

Маалыматка караганда жогорудагы мурунку күч түзүмүнүн кызматкерлерине каршы кылмыш ишин өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин көрсөтмөсү менен Башкы прокуратура козгоп, тергөөгө алган.

Бир тууган Ибадовдордун камактагы чуулгандуу иши

Бухара шаарындагы “Ситора” унаа базарында ишкердик менен алектенип келген 44 жаштагы Илхам жана анын агасы, 48 жаштагы Рахим Ибадовдор 2015-жылдын август айында УККнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бир туугандарга карата соода эрежелерин бузуу жана мыйзамсыз валюта рыногунда ишкердик жүргүзүү боюнча айып тагылган. Бир айдан соң УККнын Бухара облустук тергөө изоляторунда Илхам Ибадовдун өлүгү табылган. Туугандары маркум абактагы кыйноодон улам каза болгонун айтып чыгышкан жана анын жараланган денесинин сүрөттөрүн жарыялашкан. Облустук соттук-медициналык экспертиза борбору "Ибадов жүрөк оорусунан улам өз ажалынан каза болгон" деген тыянак чыгарган. Ал эми Рахим Ибадов болсо 8 жылга эркинен ажыратылган.

Илхам Ибадов каза болгон соң жакындары тарткан сүрөт.
Илхам Ибадов каза болгон соң жакындары тарткан сүрөт.

Ошол учурда эл аралык "Human Rights Watch" укук коргоо уюму жана Орто Азия адам укуктарын коргоо ассоциациясы өзбек бийлигине кайрылып, убактылуу кармоочу жайдагы ага-ини Ибадовдордун кыйноого кабылганын тергөөгө алууну суранган.

Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматына берген интервьюсунда Ибадовдордун апасы Хурсанд Ражапова өзбек президентине кайрылганын айткан болчу:

- Эки балам тең ишкердик менен алектенчү. Аларды дүкөндөн күч менен кармап кетип, 28 күн дегенде кичүү баламдын өлүгүн алып келип беришти. Экинчисин болсо 8 жылга камап салышты. Баламдын УККнын имаратындагы сырдуу өлүмүн иликтөөнү жана камакта калган дагы бир баламды бошотууну өтүнүп Шавкат Мирзиёевге кайрылдым. Баламды өлтүргөндөрдү жазалоону сурандым.

Мирзиёев: "Тергөөчүлөр да ошондой кыйноого туш болушат"

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылдын февраль айында Бухара облусунун Пешку районунун активи менен болгон жолугушуу учурунда аймактагы атайын кызматтын тергөөчүлөрүнүн иш-аракетин Сталиндин тушундагы НКВДга салыштырган. Президент Бухарадагы ишкерлерди кыйноого алган фактылар тууралуу элден кайрылуу болгонун билдирген:

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

- Бухарадан менин атыма көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Ишкерлерди айыпсыз камаганы, кандай кыйнагандарынан бери менде сүрөттөрү бар. Ошол ишти аткарган тергөөчүлөрдүн баарынын аты-жөнү да мага белгилүү. Кудай кааласа, мезгил өзү көрсөтсө, алардын өзүн да ошондой кыйноого салдырамын. Ага сиздер телевизор аркылуу күбө болосуздар. Анткени бардык жерде акыйкаттык болушу керек. Антпесе эл бизге ишенбейт. Погончон бул кызматкерлерге ким андай укук берген? Мыйзамсыз аракет кылдыбы - тагдырына баш ийип, жооп берсин. 1937-жылдагы репрессия убагында да мындай болгон эмес. Жыйырма жыл болсо да алар камалат.

Айтор, Өзбекстанда кийинки айларда мурдагы башкы прокурор баш болуп кеминде төрт мамлекеттик айыптоочу жана бир топ кызматкерлер кармалды. Алардын баары маркум президент Ислам Каримовдун тушунда таасирдүү адамдар болушкан.

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандагы адам укуктарынын абалын оңдоону колго алып, мамлекеттик мекемелердин ишине бир топ өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Айрыкча мурдагы президент Каримовдун тушунда “бийликтин куралына айланган” Улуттук коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинде реформа жүргүзүүдө. Президент Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл жетектеген Рустам Иноятовду ээлеген ордунан бошоткон. Башка дагы жогорку даражадагы кызматкерлер иштен алынып, камалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG