Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Ооганстанда белгилүү актрисага кол салуу болду


Ооганстандык актриса Саба Сахар.
Ооганстандык актриса Саба Сахар.

Ооганстанда таанымал актриса жана аял укуктары үчүн тынымсыз күрөшүп келген Саба Сахарды Кабулда атып кетишти.

44 жаштагы актриса ооруканага жеткирилип, операция жасалганын анын күйөөсү билдирди.

Согушкерлер Сахар бараткан автоунааны аткылашкан. Анын жансакчысы жана айдоочусу да жарадар болгон кабарланды.

Азырынча эч кайсы топ кол салуу үчүн жоопкерчилик ала элек.

Саба Сахар - Ооганстандагы абдан белгилүү актрисалардын бири, кинорежиссёр жана аялдардын укуктарын коргогон өнөктүктөрдүн жигердүү катышуучусу. Күйөөсү Эмаль Заки Би-Би-Сиге билдиргиндей, актриса үйүнөн чыгары менен эле кол салуу болгон. Ок актрисанын ичине тийген.

XS
SM
MD
LG