Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

Шайлообек Атазов милицияда сурак берип чыкты


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Шайлообек Атазов 25-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгына төрт сааттай сурак берип чыкканын «Азаттыкка» билдирди. Ал сурактын купуялыгы боюнча кол коюп бергендиктен, толук маалымат бере албай турганын маалымдады.

Атазов милицияда буга чейин «Фейсбуктагы» баракчасына жазган билдирүүсү боюнча суроолорго жооп берген. Атазов ал постто эч кандай чагым эмес, жөн гана Оштогу мыйзамсыздык жөнүндө ой-пикирин жазганын айтты.

Азырынча Ош шаардык милициясынан партия мүчөсү эмнеге чакырылганы тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Шайлообек Атазов - кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону, Бишкектеги спорт клубдардын биринде машыктыруучу катары таанымал. (TSh)

XS
SM
MD
LG