Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Давосто өтчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун мөөнөтү жылды

2021-жылдын январына пландалган Давос Дүйнөлүк экономикалык форуму коронавирустан улам өтпөй турган болду. Иш-чара жай айларында болорун уюштуруучулар кабарлашты.

Бирок январда «Давос диалогу» онлайн-жыйыны өткөрүлөт.

Швейцариялык өкмөттүк эмес уюм болуп саналган Дүйнөлүк экономикалык форум 1971-жылы түзүлгөн. Ага бир канча мамлекеттеги миңге жакын ири компаниялар жана уюмдар мүчө. Жылына Давос шаарында форумдун салттуу чоң жыйыны болот. Былтыр мааракелик 50-жыйыны өткөн.

XS
SM
MD
LG