Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:28

Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздары» түрк тилинде жарык көрдү


Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» чыгармасы түрк тилинде.
Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» чыгармасы түрк тилинде.

27-августта ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Каныбек Иманалиевдин «Кыргыздар» аттуу чыгармасынын түркчө котормосун окурмандарга тартуулады. Бул иш-чара онлайн режимде өтүп, ага автор Каныбек Иманалиев жана жергиликтүү адабият сүйүүчүлөр катышты.

Чыгарманы түрк тилине Каниет Абдыкеримова жана Шаазат Барыктабас которгон.

Иманалиевдин «Кыргыздар» китеби англис, немис, орус жана кытай тилдеринде да басылган. Анда кыргыз элинин тарыхы, көп улуттуу Кыргызстандын кооз табияты, жаратылыш байлыктары даңазаланат. Чыгарма ошондой эле бир канча эл аралык китеп жарманкелерде сыйлык алган. (ElB)

XS
SM
MD
LG