28-августта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Айрым райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 19…24;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Бишкек шаарында түнкүсүн 10…12, күндүз 25…27 градус болот.