Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Хакимов: Газ менен жүрчү автобустар сатып алынат


Бишкек шаары.

Бишкекке газ менен жүрө турган 100 автобус алып келүү пландалып жатат. Алар келгенден кийин баш калаадагы жүргүнчүлөрдү ташыган 14 маршруттук таксинин багыты өзгөрө турганын Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Хакимов 27-августта мэрияда өткөн брифингде билдирди.

Анын маалыматына караганда, багыты өзгөргөндөн кийин маршруттук таксилер Бишкектин борборуна кирбейт. Бирок автобустар качан келери азырынча белгисиз.

Сатыбалды Хакимов мүмкүнчүлүгү чектелген жүргүнчүлөргө шарт түзүү аракеттери тууралуу да маалымат берди. Ал транспорт сатып алууда жапыз пандустарга көңүл бурулуп жатканын айтты.

Учурда Бишкекте 120дай каттам боюнча эл ташыган 40 фирма катталган. Коронавирус пандемиясына чейин күн сайын каттамга 2700дөн ашуун маршруттук таксилер чыгып келген.

Март айынан тартып пандемияга байланыштуу алардын ишине чектөө киргизилип, августтун башынан бери толук иштөөгө уруксат берилди. (NT)

XS
SM
MD
LG