Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Путин Беларуска күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин жөнөтө аларын айтты


Орус президенти Владимир Путин. 27-август, 2020-жыл.
Орус президенти Владимир Путин. 27-август, 2020-жыл.

Орусия зарылчылык жарала турган болсо Беларуска тартип коргоо органдарынын кызматкерлерин жөнөтө алат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 27-августта «Россия» телеканалында жарыяланган маегинде билдирди. Ал Беларуста «талоончулук» орун ала турган болсо, орус укук коргоо органдары тартипти сактоого көмөктөшөрүн айтты.

«Александр Григорьевич [Лукашенко] менден укук коргоо кызматкерлеринин белгилүү бир резервин түзүп коюуну өтүндү. Мен аны кылдым. Бирок биз бул күчтөр абал көзөмөлдөн чыгып кетмейинче колдонулбайт деп келиштик», - деди Путин.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы акциялар 9-августтан бери токтобой жатат. Путиндин бул билдирүүсү Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Берлинде эки күндүк расмий эмес сүйлөшүүлөргө чогулуп жаткан учурга туура келди. Бул жыйында Беларустагы талаштуу президенттик шайлоо жана тынч демонстрацияларды күч менен басуу аракетине байланыштуу Минскиге санкция салуу маселесине көңүл бурулары кабарланган.

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы 9-августтагы шайлоону Александр Лукашенко 80% добуш менен жеңгенин билдирген. Бирок расмий эсеп боюнча 10% жакын добуш топтогон оппозициячыл талапкер Светлана Тихановская да, түмөндөгөн демонстранттар да мындай жыйынтыкты тааныбай келишет.

XS
SM
MD
LG