Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Бир суткада коронавирус дагы 128 кишиден аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 128 кишиден аныкталды.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 28-августтагы брифингде билдиргендей, Бишкекте - 18, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 12, Ош облусунда- 14, Талас облусунда - 6, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 27, Баткен облусунда - 21 кишиден вирус табылды.

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Коронавирустан каза болгондордун жана аны жугузуп алгандардын жаңы эсеби боюнча Кыргызстанда пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1058 кишини түздү.

Саламаттык сактоо министрлиги 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. Ага чейин вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганы айтылып жаткан.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандар 43587ге жетти. Анын 37726сы айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG