Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Трамп расмий түрдө республикачылардын талапкери болду


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп экинчи жолу Республикалык партиянын талапкери болууга макулдугун берди. Ал бул чечимин 27-августта, партиянын улуттук жыйынынын акыркы күнүндө Ак үйдөн жарыялады.

«Акыркы укмуштуудай төрт жыл ичинде биз жетишкен өнүгүү үчүн сыймыктанам. Алдыдагы төрт жыл ичинде Америка үчүн жаркын келечек түзө алабыз деп ишенем», - деди Трамп.

Ал өз кайрылуусунда бул жолку президенттик шайлоону «АКШнын тарыхындагы эң маанилүү» окуя катары мүнөздөп, демократтардын талапкери, мурдагы вице-президент Жо Байденди сынга алды. Трамп эгер Байден бийликке келсе, расалык карама-каршылыкты «күчөтө турганын» айтты.

«Байдендин Америкасында эч ким коопсуз болбойт», - деди Трамп.

Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден Трампка «Твиттер» аркылуу дароо жооп кайтарды.

«Эстесеңер: Дональд Трамп четке кагып жаткан зомбулуктун ар бир мисалы анын көз алдында, ал башкарып турганда, анын президенттик мөөнөтүндө болду», деп жазды Байден.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG