Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Мирзиёев түрмөдөгү 113 кишиге ырайым берди


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөнүн Эгемендик күнүнө карата камактагы 113 адамга мунапыс берди.

Ал мындай жарлыкка 27-августта кол койду. Ага ылайык, бейшемби күнү диний жана саясий негиздер менен түрмөгө кесилген төрт киши боштондукка чыкты.

Алар: Ташкенттеги «Кожо Нуриддин» мечитинин мурдагы имамы Рухиддин Фахриддинов, «салафизмдин» жактоочусу деп камалган Искандар Худойберганов, Өзбекстандын конституциялык түзүмүнө шек келтирди деп айыпталган жаш окумуштуу-изилдөөчү Акром Маликов жана Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун мурдагы кызматкери Рустам Абдуманнопов. Булардын баары мунапыска байланыштуу мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.

Президенттин жарлыгына ылайык, мунапыска илинген беш киши негизги жазасынан толугу менен бошотулса, 53 адам жазадан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулат. Мындан тышкары 15 кишинин жазасы жеңилдетилип, 40 адамдын жаза мөөнөтү кыскарат.

Өзбекстан Эгемендик күнүн 1-сентябрда белгилейт.

XS
SM
MD
LG