Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 20:07

Кыргызстанда беш оорукана салынып, тогузу оңдолууда


Кара-Суу районундагы мурдагы кесиптик лицейдин имараты инфекциялык оорукана катары курулмай болгон. Август, 2020-жыл.

Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Көкөчаров 28-августтагы брифингде COVID-19 пандемиясынын мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдык тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ушу тапта республика боюнча 14 саламаттык сактоо мекемесинин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Анын бешөө жаңыдан салынат, тогузу капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Сентябрдын башында алардын тогузунда оңдоо иштери аяктайт.

Көкөчаров бул иштер республикалык бюджет менен Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен каржыланып жатканын айтты:

«Жалал-Абад шаарындагы облустук оорукана жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Чайчы айылындагы оорукананын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен жүрүп жатат. Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында тез курулуучу үч инфекциялык оорукана, республикадагы тогуз обьектини капиталдык оңдоо жумуштары Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондунун эсебинен каржыланат».

Урматбек Көкөчаровдун айтымында, сөз болуп жаткан объектилерге жалпысынан 206,5 млн. сом бөлүнгөн. Анын 21,0 миллиону республикалык бюджетке, 185,5 миллиону Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондуна тиешелүү.

COVID-19 пандемиясы учурунда Кыргызстандын ооруканаларында орун жетишпей, өкмөт, ыктыярчылар менен ишкерлер күндүзгү жана кечки стационарларды ачып, бейтаптарды тейледи.

Саламаттык сактоо тармагындагы бир катар адистер жана жарандык активисттер, коомчулук бийликтин карантинде бир да оорукана кура албаганын, тармактагы өксүктөрдүн чечилбегенин катуу сынга алып келишет. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG