Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Ош облусундагы күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды


Мектептин спорт залындагы күндүзгү стационар. Ноокат району. Ош облусу. Июль, 2020-жыл.
Мектептин спорт залындагы күндүзгү стационар. Ноокат району. Ош облусу. Июль, 2020-жыл.

29-августта күндүзгү стационарлардан акыркы 13 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алыскы райондордо ачылган стационарлар да жабылды. Андагы керебеттер, медициналык жабдуулар зыянсыздандырылып, убактылуу сактоого алынды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу аймакта жалпы 3600 орундуу 188 күндүзгү стационар ачылган. Ооруканаларда түзүлгөн 2400 орун сакталып турат.

Коронавирус июнь-июль айларында күчөп, ооруканаларда орун жетишпегени үчүн ыктыярчылардын демилгеси менен жалпы өлкө аймагында күндүзгү жана түнкү стационарлар ачылган. Көпчүлүгү кайра жабылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG