Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатын тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-августтагы чечими менен "Өнүгүү - Прогресс" партиясынын парламенттеги депутаты Абулкайр Узакбаевдин жана "Кыргызстан" партиясынын депутаты Кубанычбек Нурматовдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

"Өнүгүү - Прогресс" партиясынын депутаттык мандаты тизмедеги кийинки талапкер Уланбек Исмаиловго берилди. Ал эми "Кыргызстан" саясий партиясынын мандаты талапкер Улугбек Садиковго берилди. Жаңыдан катталган депутаттарга Жогорку Кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгилери тапшырылды.

28-августта Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Жунус уулу Алтынбек жана «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Данияр Төлөнов да мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан. Бул депутаттар 7-чакырылыштагы парламенттик шайлоого аттанышты.

Акыркы үч-төрт айда парламенттин он чакты депутаты кийинки чакырылышка ат салышуу үчүн мөөнөтүн аяктабай эле мандатын тапшырды. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү дээрлик аяктап калганда парламенттеги орун алмашуу коомчулуктун сынына кабылып, депутаттык кызмат жана мандаттын мааниси боюнча маселе козголду.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча өлкөдө беш жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Азыркы, VI чакырылыштагы парламент 2015-жылдын октябрында шайланган. 120 орунга алты партия өтүп, КСДП фракциясына 38 мандат, «Республика - Ата Журтка» 28, «Кыргызстанга» 18, «Өнүгүү-Прогресске» 13, «Бир Болго» 12 жана «Ата Мекенге» 11 орун тийген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG