Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:06

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаайт


Жайлоодогу боз үй. Алай району, Ош облусу. Август, 2020-жыл.
Жайлоодогу боз үй. Алай району, Ош облусу. Август, 2020-жыл.

31-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, калган аймактарда жамгыр жаабайт.

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондордо карга айланат.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 25...27;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16...21, күндүз 28...33;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30;

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;

Бишкек шаарында түнкүсүн 14...16, күндүз 28...30 градус ысык болот.

XS
SM
MD
LG