Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Минскиде "Тынчтык жана эгемендик маршы" өтүп жатат


"Тынчтык жана эгемендик маршы". Минск шаары. Беларус. 30-август, 2020-жыл.
"Тынчтык жана эгемендик маршы". Минск шаары. Беларус. 30-август, 2020-жыл.

Минскинин борборундагы Эгемендик аянты курчоого алынып, милициянын атайын техникалары турат.

Колонналардын бирин ОМОНдун аскерлери кууп таратууга аракет кылышканы, бирок катышуучулар милиция кеткенден кийин жүрүштү улантышканын "Азаттыктын" беларус кызматы маалымдады. Ошондой эле жүрүштүн кээ бир катышуучулары кармалганы кабарланууда.

Аянттан тышкары Ата мекендик согуш музейинин айланасы да темир кашаалар менен курчалган. Ал жердеги аскерлердин колунда куралдары бар.

Беларус бийлиги журналисттерди акциянын катышуучуларына жүз метрден жакын барбоосун эскертти. Бир күн мурун Беларустун Тышкы иштер министрлиги бир катар эл аралык маалымат каражаттарынын кабарчыларын аккредитациядан ажыраткан. Анын ичинде "Азаттыктын" беларус кызматынын жана "Настоящее время" каналынын төрт кабарчысы бар.

Беларустагы жүрүшкө тилектештик митингдери бүгүн Украинада жана Орусияда өтөт. Акциялар Беларустун Киевдеги жана Москвадагы элчиликтеринин имараттарынын жанында болору пландалган.

XS
SM
MD
LG