Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:25

БШКнын жумушчу тобу ырчы Берадор Борбиевге чара көрүүнү сунуш кылды


Берадор (Бек) Борбиев.
Берадор (Бек) Борбиев.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу ырчы Берадор (Бек) Борбиев аткарган чыгармада шайлоого үгүттөөнүн элементтери бар экенин айтып, административдик чара көрүүнү сунуш кылды. Бул маалыматты БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов бышыктап, азырынча чечим чыга электигин билдирди.

Борбиев августтун соңкү күндөрү “Мекеним Кыргызстан” деп аталган ыр чыгарган. Ырдын видео клибинде 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышууга камынган “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын эн белгиси бир канча жолу көрсөтүлөт. Мындан соң ыр коомчулукта үгүт катары сындала баштаган.

Эгер БШКнын жумушчу тобунун сунушу колдоо тапса, Борбиевге "Бузуулар жөнүндө" кодекске ылайык, акчалай айып салынышы ыктымал.

Эреже боюнча партиялар үгүттү шайлоого бир ай калганда, 4-сентябрда башташы керек.

Борбиев үч саясий партияга гимн чыгарганын, мындан ары да жаза берерин “Фейсбукка” жарыялады. Бирок ырчы “Мекеним Кыргызстан” деп аталган ырына байланыштуу конкреттүү түшүндүрмө берген эмес.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы да бул боюнча комментарий бере элек.

Борбиев партиянын 20-августтагы курултайына катышкан.

120 мандаттуу Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн 17 партия БШКга документ тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG