Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Монтенегродо парламенттик шайлоо өтүп жатат


Подгорица шаарындагы шайлоо бекети, 30-август, 2020.
Подгорица шаарындагы шайлоо бекети, 30-август, 2020.

Монтенегродо парламенттик шайлоо өтүп жатат. Күндүзгү саат бирге чейин шайлоого укуктуу жарандардын 51,5% добуш бергени маалым болду.

Бул 2006-жылы Сербиядан бөлүнүп, өз алдынчалыкка жеткенден бери Монтенегродо өткөрүлүп жаткан 11-парламенттик шайлоо.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө эки миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик байкоочулар көз салып жатышат.

Президент Мило Жуканович баш калаа Подгорицада добуш бергенден кийин калктын «көпчүлүгү мамлекеттин Европага ыктаган келечегин тандайт» деген ишеничте экенин айтты. Анын батышчыл Социалисттердин демократиялык партиясынан башка Босниялыктардын партиясы, Этностук албандардын партиясы, Хорват азчылыгынын партиясы, оппозициядагы орусиячыл "Демократиядагы фронт" партиясы 81 орундуу парламентке ат салышып жатышат.

Монтенегро Сербиядан бөлүнгөнү Батышка ыктап, 2017-жылы НАТОго мүчө болгон. Ушул тапта Евробиримдикке кошулуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Серб улутчулдары Подгорицанын Белграддан бөлүнгөнүн таанышпайт.

Шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкөдө экономикалык кризис күчөп турган маалда өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG