Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 1-сентябрда түнкүсүн Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкек шаарында 1-сентябрда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.