Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстандыктардын коңшу өлкөлөргө кирип-чыгуу маселеси чечиле элек


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Достук» өткөрмө пункту.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы «Достук» өткөрмө пункту.

Казакстан менен Өзбекстандын жарандарынын Кыргызстанга кирип-чыгуу эрежелери жумшарды. Бирок эки өлкө азырынча кыргызстандыктарга андай жеңилдик бере элек. Ташкент менен Нур-Султан чек ара өткөрүү пункттарындагы чектөөлөрдү качан алып салары расмий маалыматтарда айтылган жок.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, өзбекстандыктар 1-сентябрдан тартып Ош облусундагы «Достук» жана «Кызыл-Кыя» өткөрүү пункттарынан Кыргызстанга келе алышат. Казакстандыктарга 21-августтан баштап Чоң-Капка, Ак-Тилек өткөрүү пункту аркылуу кирүүгө уруксат берилген.

Кыргызстандыктар сыртка дарылануу же башка зарыл жагдайларда чыга алат. Бирок сапарынын максатын негиздеп бериш үчүн бир катар документтер зарыл.

Бишкек коронавирустан улам март айында дээрлик бардык чек ара өткөрүү пункттарына чектөө киргизген. Августта коронавируска байланыштуу абал турукташкан 32 мамлекеттин жарандарына тоскоолдуксуз келип кетүүгө уруксат берилди. Чектеш мамлекеттерден Кытай жана Тажикстан ал тизмеге кире элек.

Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы «Эркечтам» өткөрүү пунктунан жүк ташууга уруксат берилген.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб мамлекет аралык байланыш жаатындагы тизме Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) берген маалыматтар боюнча жаңыртылып турарын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG