Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлүгүнө көрсөтүлдү.
Бул тууралуу ал «Азаттыкка» билдирди. Маалымат боюнча, Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөттү жана ал Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында каралат.
Ал БШКнын мурдагы мүчөсү Назарали Ариповдун ордуна барганы жатат. Арипов парламенттик шайлоого талапкер болуп катталгандыктан, Боршайкомдогу мүчөлүк ыйгарым укуктарын токтоткон.
Мыйзам боюнча, БШК 12 мүчөдөн куралат. Анын төртөөнү президент, калгандарын фракциялар сунуш кылып, парламенттин жалпы жыйынында шайланат.
Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)