Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

«Кыргызстан» кабылган жагдайдын таасири


«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов.
«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев жана мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов.

Беш жыл мурунку шайлоодо үчүнчү орун алган «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышпай калса, өлкөдөгү саясий абалга кандай таасирин тийгизет?

Шайлоого катталуу эрежелерин так сактаган жок деген негизде Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) документтерин кайтарып берген «Кыргызстан» партиясы өнөктүккө катышуу аракетин улантууда. Партия азырынча БШКнын чечимин колуна албаганына байланыштуу сотко кайрыла элек экени белгилүү болду.

Партиянын лидери Канатбек Исаев өз тарапташтарына кайрылып, күрөштү аягына чейин улантууга убада берди:

Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

«Биз ишенип турабыз, сот калыс чечим чыгарат. Анткени техникалык катанын аркасынан жүз миңдеген адамдардын укугу тебеленбеши керек. Эң күчтүү партияны болбогон шылтоо менен шайлоодон четтетүү аракети жүрүп жатат. Кудай буюрса, биз шайлоого катышабыз».

Бул партиянын өкүлдөрү атаандаштарынын басымына туш болгонун белгилеп, БШК туура эмес чечим кабыл алганын айтышууда.

Ошентсе да Боршайком «Кыргызстанга» документтерди кайтарып берген соң бул партиянын шайлоонун четтетилиши шайлоого, саясий абалга кандай таасир тийгизет деген маселе кызуу талкууланып жатат. Анткени «Кыргызстан» партиясы буга чейинки парламенттик шайлоодо 203 383 добуш алып, үчүнчү орунду ээлеген. Катарында бир катар акчалуу ишкерлер, мурда-кийин маанилүү кызматтарды ээлеген адамдар бар.

Буга чейин ар кыл эксперттер «Кыргызстанды» бийликтин көзү түз партиялардын бири катары баалап, шайлоодо парламентке келүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептеп жатышкан.

Дал ушул партия шайлоо өнөктүгүнүн кызуу фазасы башталып жатканда мыйзамдын талабын сактаган жок деген негиз менен БШКнын чечимине ылйык жарыштан биротоло чыгуу коркунучунда турат. Бул чечим шайлоого катышуучу тараптардын бир топторунда БШК калыс иш алып барууга аракет кылып жатат деген пикир жаратты. Буга чейин «Кыргызстан» партиясы «эрежени бузду» деп айрым саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү шайлоо комиссиясынын алдына катуу талап койгон эле.

Ал эми добуштарды бөлүштүрүү жаатында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

«"Кыргызстан" партиясы мыйзамды бузду» деп шайлоодон четтетүүнү талап кылып жаткан «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов бул партиянын жарыштан чыгышы саясий чөйрөнү анча деле өзгөртпөйт деген пикирде.

«"Кыргызстандын" четтетилиши шайлоодо өтө деле чоң өзгөрүү алып келбейт. 17 партия катышып жаткан болсо, эми 16 болуп калды, - деди Сулайманов. - Эгер «Кыргызстан» партиясы финалга чыккан экинин бири болуп, анан четтеп калса анда саясий абалды өзгөртөт же атаандаштары оюндан атайын чыгарды десек болмок. Бул жерде андай эмес. Азыр «Кыргызстандан» күчтүү партиялар турат».

Ал эми Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев да «Кыргызстан» партиясынын оюндан четтешинен чоң өзгөрүү болбой турганын, анын ордун башка партиялар ээлеши мүмкүн экенин айтты:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Негизги шайлоо өнөктүгүнөн кайсы бир партиянын четтетилиши Кыргызстанда болуп келген. Буга чейин деле майда-барат, анча мааниге ээ болбогон партиялар катталбай калган учурлар болгон. Бирок чоңураак, бийликчил, бийликке ыктаган партиялардын бири оюндан чыгышы маанилүү болуп жатат. Ал эми саясий абалда тектоникалык өтө чоң өзгөрүү болот дегенден алысмын. Ошол «Кыргызстан» партиясы ойночу ролду башка партиялар оңой эле алышат. Ошол эле «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик» сыяктуу бийликчил же бийликке жакын болууну каалаган партиялар бат эле ээлешет. Буга чейин айтылып келгендей эң чоң деген үч бийликчил партиянын ордуна экөө болуп, аларга иштөө мындан да оңой болот».

Эмилбек Жороев «Кыргызстан» партиясы туш болгон соңку окуя өлкөдө идеологиялык жактан партиялык курулуш эмне үчүн маанилүү экенин көрсөткөнүн кошумчалады. Эксперттин пикири боюнча, эгер бул партия идеологиялык жактан бекем болгондо акыркы кырдаалдагыдай каталар кетмек эмес.

Ал эми саясий пиар боюнча адис Азим Азимов «Кыргызстандын» шайлоодон четтетилиши кимдин кызыкчылыгында экени түшүнүксүз болуп жатканын эске салды:

Азим Азимов.
Азим Азимов.

«БШКнын акыркы чечимине жарандык коомдун талабы, мыйзамдын үстөмдүгү негиз болдубу? Же ал бийликтин кайсы бир кызыкчылыгынан улам кабыл алындыбы? Ушуну аныктап алышыбыз керек».

Парламенттик шайлоого катышпай калган «Кыргызстан» партиясынын оппозицияга өтүү мүмкүнчүлүгү канчалык деген суроо жаралат. Бирок бир катар эксперттер айрым гана мүчөлөрү саясатка кызуу аралашып, негизинен ишкерлерден турган партиянын бийликке каршы жээкке өтөрүнө анча ишенишпейт. Буга чейин бул партиянын өкүлдөрү бийликтин позицияларын колдоп келген.

25-августта БШК «Кыргызстан» партиясынын парламенттик шайлоого катышуу үчүн тапшырган документтерин артка кайтарууну чечкен. Ага партия документ тапшыруу жараянында эреже бузганы негиз болгону кабарланган.

БШКнын маалыматы боюнча, «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу боюнча документтерин атайын өкүл аркылуу эмес, башка адамдан берип жиберген.

Ага чейин бул партия шайлоого катышуу жөнүндө документтерин кечигип бергени айтылып, бир катар партиялардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү «Кыргызстанды» шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG