Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы директору Ахмат Мадеюев каза болду


Ахмат Мадеюев.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы директору Ахмат Мадеюев каза болгонун Кыргызстандагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмеси 1-сентябрда билдирди. Аталган бирикме маркумдун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүштү.

53 жаштагы Ахмат Мадеюев оорудан кайтыш болгон. Акыркы жылдарда ал Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмесинин эксперттик кеңешинин мүчөсү, Коомдук технологиялар борборунун башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.

1996-2000-жылдарда «Сорос-Кыргызстан» фондун башкарган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирикмесинин некрологунда Ахмат Мадеюев кесипкөй адис, терең билимдүү, эксперттик коомчулукта кадыр-барктуу адам катары кесиптештеринин, санаалаш, жакындарынын эсинде калганы жазылган.

XS
SM
MD
LG