Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

«Көчмөн Номад» фонду «Кыргызстан» партиясына каршы БШКга арызданды


«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.
«Кыргызстан» партиясынын баннерлеринин бири.

«Көчмөн Номад» коомдук фонду «Кыргызстан» саясий партиясына каршы Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылды. Бул тууралуу маалымат фонддон алынды.

БШКга берилген арызда «Кыргызстан» партиясы шайлоого тиешелүү документтерди жана талапкерлердин тизмесин мыйзамда белгиленген убакта жана партиянын Боршайкомдогу өкүлү тапшырбаганы жазылган.

Коомдук фонд ушундан улам сөз болуп жаткан саясий уюмдун шайлоого катышуусуна уруксат берилбеши керек деп эсептейт. Арызда партиянын документтерин «Кыргызстан» фракциясынын Жогорку Кеңештеги катчылыгынын кызматкери Аманкул Токтогулов деген адам тапшырганы, бул шайлоодо административдик ресурсту колдонуу деп бааланары жазылган.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев буга чейин партиянын документтерин анын БШКдагы өкүлү Элвира Абелдиева эмес, фракциянын Жогорку Кеңештеги катчылыгында иштеген адам тапшырганын айткан. Исаев ал Боршайкомго ишеним кат менен барганын жана партиянын шайлоо штабында иштеп жатканын билдирген.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотко кайрылган. Аталган сот 27-августта партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда каралат. (BTo)

XS
SM
MD
LG