Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:13

Казакстанда аткаминерлер азаят


Касым-Жоомарт Токаев.
Касым-Жоомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 1-сентябрдагы кайрылуусунда быйыл мамлекеттик кызматкерлердин санын 10%, эмдиги жылы дагы 15% азайтыш керек экенин билдирди. Ал ошол эле кезекте аткаминерлердин маянасы жогорулай турганын айтты.

Токаев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) түзүмүн кайра карап чыгып, мекемени «өзүнө ылайык келбеген милдеттерден арылтууну» тапшырды. Анын алкагында Чукул кырдаалдар министрлигин кайра түзүүнү сунуш кылды.

Бул министрлик 2014-жылы Нурсултан Назарбаев бийликте турганда жоюлган жана мекеменин ыйгарым укуктары негизинен ИИМге өткөрүлүп берилген, анын алдында Чукул кырдаалдар боюнча комитет түзүлгөн.

Казак президенти ошондой эле Стратегиялык пландоо жана реформалар боюнча жана президентике түздөн түз караштуу Атаандаштык коргоо боюнча эки жаңы агенттик түзүүнү сунуш кылды.

Казакстанда ИИМди реформалоо тууралуу чакырыктар бир канча жылдан бери эле айтылып келет. Жарандык активисттер менен укук коргоочулардын турган топ атайын сунуштарды даярдап жөнөткөн. Бирок андан майнап чыккан эмес.

XS
SM
MD
LG