Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Жогорку соттун алдында таза шайлоону талап кылган акция өтүп жатат


Жогорку соттун имаратынын алдында өтүп жаткан акция. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып, Жогорку соттон «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылып жатышат.

Митингге чыккандар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулууда.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган. Боршайкомдун арызы 1-сентябрда саат 16:00дө каралат. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG