Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Жогорку сот БШК менен «Кыргызстан» партиясынын ишин карап жатат


Жогорку соттун имаратынын алдында өтүп жаткан акция. 1-сентябрь, 2020-жыл.
Жогорку соттун имаратынын алдында өтүп жаткан акция. 1-сентябрь, 2020-жыл.

Жогорку сот 1-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) «Кыргызстан» партиясы боюнча Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арызын карап жатат.

Жараянда БШКнын өкүлү «Кыргызстан» партиясы шайлоого катышуу үчүн документтерди жана талапкерлердин тизмесин тапшырууда мыйзам бузганын айтты. «2020-жылдын 24-августунда белгисиз эркек киши талапкерлердин тизмесин катташ үчүн БШКга документтерди алып келген. Ал партиянын БШКдагы өкүлү эмес экени белгилүү болду. «Партиянын өкүлү каякта?» деген суроого ал «өкүл келерин» айтып БШКдан чыгып кеткен», - деди Боршайкомдун өкүлү.

Жогорку соттун алдында «Кыргызстан» саясий партиясын шайлоодон четтетүүнү талап кылган жарандык активисттер менен шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү нааразылык акция өткөрүп жатышат. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек экенин айтып жатышат. Нааразылар шайлоонун үгүт иштери баштала электе эле айрым жерлерде акча таратыла баштаганын, ага Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) чара көрбөй жатканын сынга алышууда.

Ошол эле жерде «Кыргызстан» партиясынын да бир нече тарапташтары акцияга чыгышты. Алар партиянын атын атап, «таза шайлоо» деп кыйкырып турушат.

БШК 24-августта партиялардан тийиштүү документтерди кабыл алууну жыйынтыктап, 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган. Бирок документ тапшырууда мыйзам бузган деген негиз менен «Кыргызстан» партиясынын документтери 25-августта артка кайтарылган.

«Кыргызстан» БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна кайрылып, 27-августта судья Чолпон Досмамбетова партиянын арызын канааттандырган. Бул чечимге каршы болгон БШК Жогорку сотко арызданган.

Кыргызстанда 120 мандаттуу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. (BTo)

XS
SM
MD
LG