Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Милиция добуш сатып алуу аракети деген видео боюнча териштирүү баштады


Милиция «Фейсбук» социалдык тармагында тараган добуш сатып алуу фактысы болду деген видео боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштады. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы 1-сентябрда билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, видеодогу кызыл футболкачан кишинин аты-жөнү такталып, ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын 1986-жылы туулган М.А. аттуу тургуну экени аныкталды.

Видеодогу күбөлөрдөн да сурамжылоо жүргүзүлүп, түшүнүк кат алынган. Бул факты 30-августта Нарын облустук милициясында Жазык кодексинин 192-беренесинин («Добуштарды сатып алуу») 2-бөлүгү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ушу тапта тергөө уланып жатканы кабарланды.

30-августта социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынган тасмадан Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагынын башчысы Азамат Мүсүркановго окшош адам топтошкон эл менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Ал жерде «Биримдик» саясий партиясынан шайлоого аттанган талапкер Улан Бакасов менен соодалашуу болгонун, ал үчүн айылдан кеминде 300 добуш керек экени айтылат. Видеонун биринде айыл тургундары дептерге аты-жөнүн жазып, кол коюп жатканы тартылган. Тасмада аты аталган айыл өкмөт башчы Азамат Мүсүркановдон комментарий алууга мүмкүн боло элек.

«Биримдик» партиясынын талапкерлеринин тизмесинде алтынчы болуп турган «Биримдик» партиясы менен шайлоого бараткан ишкер Улан Бакасовдун расмий өкүлү Майрамбек Өмүрбаев ал Интернетке тараган видео боюнча Азамат Мүсүркановду сотко бергенин 1-сентябрда маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу да аталган тасманын чоо-жайын иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG