Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кой-Таш окуясы боюнча сотто «Альфанын» кызматкерлери көрсөтмө беришет


Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя. 8-август, 2019-жыл.
Чүйдүн Кой-Таш айылындагы окуя. 8-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 2-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча жараян уланып жатат.

Айыпталуучулардын берген маалыматына караганда, сотко камакта отурган айыпталуучулардын баары алынып келди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери да көрсөтмө бериш үчүн келишти. Азырынча алар көрсөтмө бере элек. Башынан бери жабык өтүп жаткан жараянда адвокаттар күбөлөрдүн тизмесин толуктоону өтүнүштү.

Кой-Таш окуясы боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Марат Шаменов, Рысбек Карыпбек уулу жана башкалар айыпталып жатат.

Күбө катары тергөөгө келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күч менен алып келүү боюнча операция 2019-жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган.

Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында анын тарапкерлери менен күч кызматкерлери кагылыша кетип, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков курман болгон. Мындан сырткары 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов Москвага чейин барып дарыланган. Операция оңунан чыкпай, эртеси да уланган. Алмазбек Атамбаев 8-августта кармалып, камакка алынган.

Окуяга байланыштуу Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта. Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу иш да өзүнчө каралууда.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG